Калкты тейлөө борборлору дем алыш күндөрү дагы иштейт

  • 2 года мурун

Кыргызстандын аймагындагы калкты тейлөө борборлору жана калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмдөрү 27-28-ноябрь (дем алыш) күндөрү дагы иштейт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Министрликтен билдиришкендей, шайлоо алдында паспорт алуу үчүн кайрылгандардын саны өскөндүгүнө байланыштуу eID-карта — КР жаранынын паспортун алуу үчүн арыз бергендер 27-28-ноябрь күндөрү саат 08:00дөн 20:00гө чейин калкты тейлөө борборлорунан жана калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмдөрүнөн паспортторун ала алышат.

Белгилей кетсек, бул күндөрү даяр паспортторду берүү кызматы гана жеткиликтүү болот.

Жарандар паспорттун даяр болгондугу тууралуу маалыматты мамлекеттик кызматтар порталынан, Tunduk мобилдик тиркемесинен жана 119 номери аркылуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин тейлөө борборунан ала алышат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты