БШКга Дастан Жумабековду шайлоодон четтетүү тууралуу арыз түштү

  • 3 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) №20 Манас шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дастан Жумабековду шайлоо алдындагы жарыштан четтетүү тууралуу арыз түштү.

Арызда аталган шайлоо округунан талапкер Мирлан Назарбеков Жумабековду үгүт эрежелерин бузгандыгы үчүн талапкерлердин тизмесинен чыгарууну суранганы жазылган.

Учурда талапкердин арызын жумушчу топ карап жатат.

Буга чейин БШК Дастан Жумабековго үгүт эрежелерин бузгандыгы үчүн үч ирет жалпы 22,5 миң сом өлчөмүндө айып пул салган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты