Талапкер Дастанбек Жумабековго эки ирет айып салынды

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан №20 Манас шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дастанбек Жумабековго  эки ирет айып пул салынды.

Айыппулдун биринчиси Дастанбек Жумабековдун Фейсбук баракчасында жарыяланган шайлоочулар менен жолугушуусунан алынган видео тасмасынын каржылык булагы көрсөтүлбөгөндүгүнө байланыштуу салынды. Үгүт эрежелери боюнча, жарыяланган үгүт материалдарынын ар бирине төлөнгөн акы тууралуу маалымат берилиши керек.

Талапкердин жактоочусу Дастанбек Жумабековдун аккаунтуна үч киши администратор катары материал коё аларын айтты. Бирок видео өчүрүлгөнүн билдирди.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова эгер ал аккаунт Дастанбек Жумабековго караштуу болбосо, Фейсбук менен келишимге ылайык, өчүрүлөрүн билдирди. Бирок аккаунт талапкерге таандык экени белгиленди.

БШК тарабынан талапкер Жумабековго 7500 сом айып салынды.

Экинчи айыппул талапкердин бир тууганы, дарыгер Сабырбек Жумабековдун кайрымдуулук операциясына байланыштуу болду. Маалымат ЖМКга бир нече жолу жарыяланып кеткендиги үгүт катары санала турганын арыздануучу айтты.  

Талапкердин өкүлү Сабырбек Жумабеков кесиптик милдетин аткарып жаткандыгын эскертти.

Жыйынтыгында БШК тарабынан Дастанбек Жумабековго дагы 7500 сом айып пул салынды.  

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.       

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты