Депутат Жумабеков жүргүнчүлөр үчүн  “Кичи-Капка” өткөрмө бекетин ачууну сунуштады  

  • 2 года мурун

Бүгүн, 21-апрелде, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастанбек Жумабеков Казакстан менен чек арадагы чек ара бекеттериндеги импорт-экспорт мамилелерин ишке ашыруудагы кыйынчылыктарга токтолду.

-Талас районунун тургундары үчүн жүргүнчүлөрдү да, жүктөрдү да «Чоң-Капка» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу гана өткөрүп жаткандыктан, кыйынчылыктар жаралууда. Жергиликтүү тургундар «Кичи-Капка» өткөрмө бекетин жүргүнчүлөр үчүн ачууну суранышууда, анткени биринчи өткөрмө бекеттен өтө көп адам өткөндүктөн, эл жана унаалардын тыгыны жаралууда, — деди Жумабеков.

Депутат жооптуу мамлекеттик түзүмдөргө бул маселени көзөмөлгө алып, чара көрүүгө чакырды.

Чек арадагы тыгын маселеси Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлүп, маселе чечилмейинче Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) байланыштуу мыйзам долбоорлорун парламентте карабай коё туруу демилгеси айтылды.

Автоунаалардын кезеги бир нече чакырымга узарган көрүнүш «Ак-Тилектин» жанында соңку апталарда байкалууда.

ЕАЭБ уюму ортодогу бажы тоскоолдуктарын жоюу, элди жана товарларды эркин өткөрүү максатында уюшулган. Ага Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Армения жана Беларус мүчө.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты