УКМКнын Ат-Башы райондук бөлүмү үчүн жаңы имарат курулду (сүрөт)

  • 2 года мурун

Бүгүн, 24-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Ат-Башы райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, ачылыш аземге атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиев, облустук башкармалыктын өздүк курамы жана жетекчилиги, атайын кызматтын ардагерлери, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

«УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын Ат-Башы райондук бөлүмүнүн имараты атайын кызматтын аймактык бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында курулуп, пайдаланууга берилди. Ат-Башы райондук бөлүмүнүн жаңы курулган имараты кызматкерлер үчүн керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган жана иштөө шарттары талапка жооп берет», — деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары атайын кызматтын Нарын облусундагы башкармалыгынын имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, алдыңкы бөлүгү толугу менен жаңыланып, спортзалы пайдаланууга берилди.

Муну менен бирге маалыматта УКМКнын бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо иштери улантылып жатканы айтылат.

Ушул жылдын сентябрынан ноябрына чейин УКМКнын жалпы жети бөлүмү үчүн жаңы имарат курулган. Алардын ачылышына Камчыбек Ташиев өзү катышкан.

УКМКнын Ат-Башы райондук бөлүмү үчүн жаңы имарат курулду (сүрөт)
УКМКнын Ат-Башы райондук бөлүмү үчүн жаңы имарат курулду (сүрөт)
УКМКнын Ат-Башы райондук бөлүмү үчүн жаңы имарат курулду (сүрөт)
УКМКнын Ат-Башы райондук бөлүмү үчүн жаңы имарат курулду (сүрөт)
УКМКнын Ат-Башы райондук бөлүмү үчүн жаңы имарат курулду (сүрөт)
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты