Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 4,6 эсеге төмөндөдү

  • 2 года мурун

Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны былтыркы жылга салыштырмалуу 4,6 эсеге азайды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын октябрында COVID-19дун 2900 жаңы учуру катталса, 2020-жылдын октябрындагы 13 миң учур катталган.

Коронавирус аныкталган учурлардын аймактарга карай бөлүнүшү. Октябрь айы:

Нет описания.

Ушул жылдын октябрында коронавирустук инфекциянын катталган учурларынын эң көп үлүшү Бишкек шаарына (51 пайыздан ашыгы), Чүй (26 пайыз) жана Ысык-Көл (12 пайызга жакын) облустарына туура келген.

Октябрда 100 миң калкка карата коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны:

Нет описания.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 996 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 693 киши айыгып чыкса, 2 миң 732 адам каза болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты