Москвада «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тарапташтары кармалды

  • 2 года мурун

18-ноябрда Москва шаарында уруксат берилбеген акцияларды уюштурганы жана коомдук тартипти бузганы үчүн «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тарапташтары Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

«Орусиянын ички иштер органдарынын маалыматы боюнча, Кыргызстандын жарандары партиялардын атрибуттары менен жөө жүрүш уюштуруп, саясий ураандарды чакырып, коомдук тартипти бузган. Ошондой эле алар жолдо унаалардын жүрүшүнө тоскоолдук жаратканына байланыштуу Москва шаарынын тургундары тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен Ички иштер министрлигинин Москва шаары боюнча бөлүмүнө бир нече кайрылуу жолдошкон», — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча акциянын уюштуруучусу Эмил Бекиевге карата Россия Федерациясынын Административдик укук бузуулар жөнүндө кодексинин 20-2-беренесинин  3-бөлүгү (жыйналышты, митингди, демонстрацияны, жүрүштөрдү же пикеттерди уюштуруунун же өткөрүүнүн белгиленген тартибин бузуу) боюнча административдик материал түзүлгөн.

Калган катышуучуларга карата Административдик укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 20.2-беренесинин 4.6.1-пунктуна ылайык административдик материалдар түзүлдү.

Текшерүү учурунда кармалгандардын ичинен үчөөнүн миграция мыйзамын бузганы аныкталган.

Москва шаарынын райондук сотунун 18-ноябрдагы чечими менен Кыргызстандын 7 жараны он күнгө камакка алуу түрүндө административдик жоопкерчиликке тартылды. Мындан сырткары акциянын дагы 7 катышуучусуна 20 миң рубль өлчөмүндө административдик айып пул салынды.

Жогоруда көрсөтүлгөн акциянын уюштуруучусу Эмил Бекиев коомдук тартипти жана жол кыймылынын эрежесин бузууга шектелип, 15 күнгө камакка алынды.

Кармалгандардын тизмеси:

  1. Бекиев Эмил Маликович, 1984-жылы 27-апрелде Кыргызстанда туулган, Орусиянын жараны;
  2. Ажиев Сыргабай Эргешович, 1958-жылы 15-июнда Кыргызстанда туулган, Орусиянын жараны;
  3. Примбердиев Замирбек Исламбекович, 02.01.1984-жылы 2-январда Кыргызстанда туулган, Орусиянын жараны;
  4. Мамытова Сайкал Дурусбековна, 1983-жылы 17-декабрда туулган, Кыргызстандын жараны;
  5. Бердишев Уланбек, 1989-жылы 19-мартта туулган, Кыргызстандын жараны;
  6. Умаров Жеңишбек Мамытович, 1976-жылы 7-майда туулган, Кыргызстандын жараны;
  7. Абдимиталил уулу Исхак, 1993-жылы 22-июнда туулган, Кыргызстандын жараны;
  8. Жусупова Сапия Абдымомуновна, 1988-жылы туулган, Кыргызстандын жараны;
  9. Сулайманов Акжол Таалайбекович, 1986-жылы 15-сентябрда туулган, Кыргызстандын жараны;
  10. Калмаматов Айбек Асанбаевич, 1983-жылы 7-ноябрда туулган, Кыргызстандын жараны;
  11. Бодоев Кутманбек, 1978-жылы 27-январда туулган, Кыргызстандын жараны;
  12. Мурзакулова Өктөм, 1979-жылы 18-сентябрда туулган, Кыргызстандын жараны;
  13. Алибеков Эдилбек Сулайманович, 1992-жылы 20-майда туулган, Кыргызстандын жараны;
  14. Үсөнов Алтынбек, 1975-жылы 28-январда Кыргызстанда туулган, Орусиянын жараны.
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты