«Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын пайдасына үгүт жасаган аткаминерге сөгүш жарыяланды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Базар-Коргон районундагы башкармалыгынын жетекчиси «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкердин пайдасына үгүт кылганы аныкталганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Базар-Коргон райондук ички иштер башкармалыгы аталган фактыны 2021-жылдын 10-ноябрында маалымат журналына каттаган. Текшерүүнүн жыйынтыгында С. А. О. тарабынан үгүттөө фактылары тастыкталган. Бирок Жоруктар жөнүндө кодекстин 871-беренесинин 2-бөлүгү («Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу») боюнча текшерүү аракеттери токтотулган.

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким аткаминерге «катуу сөгүш» жарыяланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты