УКМКнын дагы бир бөлүмчөсү үчүн жаңы имарат курулду (сүрөт)

  • 2 года мурун

Бүгүн, 19-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Өзгөн райондук бөлүмчөсүнүн жаңы курулган имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

«Жаңы курулган имарат кызматкерлер үчүн зарыл болгон бардык заманбап техникалык жабдыктар менен толук камсыздалган. Иштөө шарттары дагы талапка жооп берет», — деп жазылган маалыматта.

Имараттын ачылышына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыктарынын башчылары өздүк курамы менен, ардагерлер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада атайын кызматтын башчысы Ташиев сөз сүйлөп, шайлоо өнөктүгү, андагы мыйзамдуулуктун сакталышы, бардык тараптарга бирдей мыйзамдуу шарттардын түзүлүшү керек экендигин айткан жана мамлекеттик кызматкерлердин шайлоонун үгүт иштерине аралашпоосу зарыл экендигин эскерткен.

Мындан тышкары ал алдыда дагы атайын кызматтын аймактардагы бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базаларын жаңылоо, чыңдоо иштери улантыларын кошумчалаган.

Атайын кызмат тараткан маалыматта имаратты курууга каражат каяктан бөлүнгөнү айтылган эмес.

Ушул жылдын сентябрынан ноябрына чейин УКМКнын түштүк аймагындагы алты бөлүмү үчүн жаңы имарат курулган. Алардын ачылышына Камчыбек Ташиев өзү катышкан.

УКМКнын дагы бир бөлүмчөсү үчүн жаңы имарат курулду (сүрөт)
УКМКнын дагы бир бөлүмчөсү үчүн жаңы имарат курулду (сүрөт)
УКМКнын дагы бир бөлүмчөсү үчүн жаңы имарат курулду (сүрөт)
УКМКнын дагы бир бөлүмчөсү үчүн жаңы имарат курулду (сүрөт)
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты