Талапкер Равшан Жээнбековго теледебатка катышууга уруксат берилген жок

  • 2 года мурун

Биринчи май райондук соту Бишкектеги №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Равшан Жээнбековдун теледебатка катышуусуна уруксат берген жок. Бул тууралуу kaktus.media адвокат Замир Жоошевдин маалыматына таянып жазды.

Жактоочунун айтымында, ал 10-ноябрда судья Азирет Медеровго ТИЗО-1дин администрациясынан Жээнбековду 19-ноябрда теледебат өтүүчү каналдын кеңсесине жеткирүү үчүн конвойго өткөрүп берүүнү талап кылуу өтүнүчү менен кайрылган.

«16-ноябрда судья ТИЗО-1дин администрациясынан айыпталуучуну телеканалдын кеңсесине жеткирүүнү талап кылууга ыйгарым укугу жок экенин айтып, өтүнүчтү аткаруудан баш тартты. Бирок Кыргыз Республикасынын «Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө» Мыйзамынын 16-беренесине ылайык, камакта кармоочу жайдын администрациясы соттун (судьянын) жазуу түрүндөгү талабынын негизинде айыпталуучуну белгиленген жерге жеткирүү үчүн конвойго өткөрүп берүүгө милдеттүү. Ал эми биздин учурда белгиленген жер — телекомпаниянын кеңсеси», — деп билдирди Жоошев.

Замир Жоошев судьяга кайрадан ТИЗОнун администрациясына уруксат кагазын жиберүүнү өтүнүп кайрылганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Равшан Жээнбеков ТИЗО-1де 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча камакта отурат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты