Талапкер Жаныбек Абиров УКМКга суракка чакырылганын билдирди

  • 2 года мурун

Бишкек шаарындагы №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жаныбек Абиров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгына суракка чакырылды. Бул тууралуу талапкердин сөзүнө таянып 24.kg агенттиги жазды.

Абировдун айтымында, ал суракка аталган шайлоо округунан талапкер Равшан Жээнбековдун жардамчысы Айсулуу Кудайбердиеванын арызынын негизинде чакырылган.

«Айсулуу Кудайбердиева «Фейсбукта» «Абировду үгүт иштерине жашы жете электерди тартканы үчүн эмнеге суракка чакырышпайт?» деген билдирүү калтырган. Сүрөттө менин аркамда турган кыздар менин расмий үгүтчүлөрүм, патенти жана үгүт келишими бар. Алар расмий каттоодон өтүшкөн. Үгүтчүлөрдүн бардыгынын жашы 18ден жогору. Бирөө сырттан окуса, бирөө окубайт, а дагы бирөө дизайнер болуп иштейт», — деген Жаныбек Абиров.

Талапкер аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын жана тиешелүү бардык документтерди көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Талапкер Жаныбек Абиров УКМКга суракка чакырылганын билдирди

Буга чейин ушундай эле фактынын негизинде талапкер Дастан Бекешев УКМКда сурак берип чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты