КНА: Кыргызстанда бензиндин баасы 8 сомго, дизель 12,5 сомго кымбатташы күтүлүүдө

  • 3 года мурун

Кыргызстанда бензиндин баасы дагы 7,5-8 сомго, дизель майы 12,5 сомго кымбатташы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Ал күйүүчү-майлоочу майдын баасынын жогорулашын Орусиянын рыногунда суроо-талап көп болуп жаткандыгы менен түшүндүрдү.

«Азыр өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын жетишсиздиги сезилип жатат, айрыкча дизель майы. Казакстан эки айдан бери 15 миң тонна көлөмүндө дизель майын Орусиядан сатып алууда. Ал эми Кыргызстанда дизель майын колдонуунун бир айлык көлөмү 40-45 миң тоннага барабар. Ошондуктан Орусия рыногунда суроо-талап көп болуп, ошонун айынан алар бааны дароо тоннасына 170 долларга кымбаттатып жиберишти”.

Эшатов учурда дизель майына болгон баа жумасына 20-30 долларга чейин өсүп жатканын белгиледи.

«Кыргызстанда дизель майынын чекене баасы өздүк наркынан 12 сомго артта калды. Анын негизги баасы 65 сом 50 тыйын болсо, май куюучу жайларда 53 сомдон сатылууда. Бул чексиз улана бербейт. Жакында базарда баалардын кымбатташы күтүлөт: АИ-92 үлгүсүндөгү бензин азыр 56 сом 40 тыйын же 56 сом 90 тыйын болсо, 63 сом 70 тыйын — 64 сомго чейин кымбатташы ыктымал. Ошондуктан биз каалайбызбы, каалабайбызбы, бензиндин баасы 7,5-8 сомго, дизель майы 12,5 сомго кымбатташы мүмкүн”, — деди ал.

Буга чейин Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майга болгон баа кескин көтөрүлбөй тургандыгын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты