Кыргызстанда бензиндин баасы дагы төрт сомго кымбаттайт

  • 2 года мурун

Кыргызстанда быйыл күйүүчү-майлоочу майдын баасы дагы көтөрүлөт. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов 20-январда маалымат жыйынында билдирди.

Эшатовдун маалыматына ылайык, бул жылы бензин дагы төрт сомго, ал эми дизель алты сомго кымбаттайт. Эшатов мунун себебин Орусияда күйүүчү майдын баасы көтөрүлүп жатканы менен түшүндүрдү.

Кыргызстан жылына 1 млн. тоннадан ашык күйүүчү май керектейт. Өлкө мунай алууда дээрлик Орусиядан көз каранды.

Буга чейин Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы алдыда күйүүчү майдын баасы дагы жогорулашы мүмкүн экенин эскерткен.

Бишкек шаарында Аи-92 үлгүсүндөгү бензин 58-59 сомдон сатылып жатса, алыскы аймактарда мындан бир топ кымбаттады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты