Тайлаков: Бензиндин баасы кескин көтөрүлбөйт, бирок акырындап жогорулашы мүмкүн

  • 2 года мурун

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майга болгон баа кескин көтөрүлбөйт, бирок акырындап жогорулашы мүмкүн. Бул тууралуу, бүгүн, 11-ноябрда Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Кеңешбай Тайлаков Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

«Өткөн айга салыштырганда, АИ-92, дизелдик отун, билесиздер, социалдык жактан маанилүү товарлар тизмесине кирет, баалар туруктуу, кескин көтөрүлгөн жок. Бул рынокто да запастар бар, жетиштүү. 1-1,5 айга чейин запастарды кармашат. Биз ар бир райондо канча запас бар экенин тактап алдык. Ноябрь айынын аягына чейин иш-чаралар камтылган. Акыркы мезгилде Орусияда да баалар көтөрүлгөн. Ал боюнча да булар менен такташып алдык. Баа кескин көтөрүлбөйт. Ага жол бербейбиз. Көтөрүлсө да 8-10 сомго эмес…».

Тайлаков берген маалыматка ылайык, күйүүчү майдын эң жогорку баасы бүгүнкү күндө Чаткалда жана Баткенде болууда.

Буга чейин нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү-майлоочу май рыногундагы олку-солку абалга байланыштуу ноябрда бензин 9-10 сомго чейин кымбатташы мүмкүн деген жоромолун билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты