Күйүүчү май он жылда 50%га кымбаттады. Дагы кымбаттайбы?

Бензин менен дизелдик отундун баасы токтоосуз өсүүдө. Он жылдын ичинде алардын баасы маркасына жараша орто эсеп менен 20-25 сомго кымбаттаган. Ал эми акыркы жылдары күйүүчү майлардын дээрлик бардык түрлөрүнө баа кескин көтөрүлүп кеткен. Маселен, былтыркыга салыштырмалуу быйыл бензиндин баасы литри 8 сомго кымбаттады. Бул материалда күйүүчү-майлоочу каражаттардын баасы кандай жана качан көтөрүлгөнүн карап чыгабыз.

Александр унаасына АИ-95 бензинин куят. Александр бир жыл мурун ушул эле маркадагы бензиндин бир литри 65 сом болсо, азыр 74 сомдон сатылып жатканын айтып нааразы.

«Орусия же Казакстанга салыштырмалуу бизде абдан чоң айырма бар. Бул чөнтөккө абдан катуу тийет. Акчаны үнөмдөө үчүн мен гибриддик машина алууну пландап жататм. Бензин абдан кымбаттап кетти», — дейт Александр.

Дагы бир айдоочу Кубат баанын кескин көтөрүлгөнүн, бул жаңы баага көнүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатканын айтууда:
«Былтыр АИ-92 бензин 58 сом болсо, азыр 70 сомдон сатылууда. Мен унаам менен акча табам, бензиндин кымбатташы менин кирешемди азайтып жатат. Бактыга жараша, унаам үнөмдүү, бирок баары бир баанын өсүшү чөнтөккө уруп жатат», — дейт Кубат.

Кыргызстан жылына 1,4 миллион тоннага жакын мунай азыктарын керектейт. Бензинди орточо суткалык керектөө 1781 тонна, ал эми дизельдики 1507 тоннаны түзөт.

Кыргызстанда күйүүчү майдын эң популярдуу түрү — бензин. Биз 2014-жылдан баштап ар бир жылдын үчүнчү чейрегиндеги расмий бааларды салыштырып көрдүк. Биздин эсептөөлөр көрсөткөндөй, он жылдан бери АИ-92 бензини 52%, АИ-95 57%га кымбаттады.

Айыл чарба тракторлорунда жана жүк ташуучу унааларда колдонулган дизелдик отун башка түрлөргө караганда көбүрөөк кымбаттаган. Бул күйүүчү майдын литри 2014-жылы 44,9 сом болсо, азыр 74,6 сомго чыкты. Башкача айтканда, бул аралыкта дизелдик майдын баасы 66%га өскөн.

2020-жылы Кыргызстанда бензин менен дизель майынын баасы литрине 35-40 сомго чейин төмөндөдү. Бул COVID-19дан улам киргизилген чектөөлөргө жана суроо-талаптын төмөндөшүнө байланыштуу болгон. Ал учурда дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы баррелине 20 доллардан төмөн түшкөн.
Бирок, 2022-жылы күйүүчү майдын баасы кескин өскөн. Анда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 2021-жылга салыштырмалуу 8 сомго кымбаттап, 66 сомго чыккан. Ошол учурда Дүйнөлүк банктын эксперттери мунайдын жана күйүүчү майдын баасы 2024-жылдын аягына чейин көтөрүлө берет деп болжолдошкон.

Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канатбек Эшатовдун айтымында, күйүүчү-майлоочу заттарга болгон баа дүйнөлүк рынокто суроо-талап өсүп жатканына юайланыштуу болуп жатат:

«Ооба, 2020-жылы күйүүчү май ондогон сомго арзандаган, анткени суроо-талап дээрлик жок болчу. Бүткүл дүйнө жабылып, ошого жараша заводдордун сатуу баасы дагы төмөндөдү. Бирок 2020-жылдын октябрь айында чектөөлөр алына баштаганда, экономика жандана баштады жана күйүүчү майдын баасы дагы көтөрүлдү. 2022-жылы баанын өсүшү да рыноктогу суроо-талаптын жогору болушуна байланыштуу. Маселен, Кыргызстан күйүүчү майдын 95%ын Орусиядан импорттойт. Ал кезде Орусиянын ички рыногунда суроо-талап чоң болчу. Ошондон улам баалар көтөрүлүп кетти», — дейт Канатбек Эшатов «ПолитКлиникага» берген маегинде.

Эшатов ошондой эле кыргызстандык ишкерлер заводдордон баалар көтөрүлүп жатканда, баанын секириктери акыркы керектөөчүнү таң калтырбашы үчүн запастарын толтурууга аракет кылып жатканын белгиледи.

Альтернатива болгон газ да кымбаттап жатат

Көптөгөн унаа ээлери, бензин бактары менен бирге, кыймылдаткыч газ менен иштей тургандай кылып, газ жабдууларын орнотушат. Кээ бир машиналар заводдон түз эле газ кыймылдаткычтары менен келет. Себеби, газ бензинге же дизельге караганда арзан. Бирок күйүүчү майдын бул түрү да жылдан жылга кымбаттап баратат.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, суюлтулган газдын бир килограммы өлкө боюнча орточо эсеп менен 74,6 сомдон сатылууда. Он жылдын ичинде күйүүчү майдын бул түрү 39% кымбаттаган.

Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынын аягында Бишкектеги май куюучу жайларда автоунаа газынын жетишсиздиги байкалган. Кээ бир айдоочулар газ толтуруу үчүн бир нече саат кезек күтүшкөн. Унаа ээлеринин бири мындай учурлар баалар көтөрүлөөрдүн алдында болуп жатканын айтты:

«Эмне үчүн мындай болуп жатканын билбейбиз, бирок мен жеке өзүм 3 сааттан бери кезекте турам. Кечээ да ошондой болгон. Бул жерде май толтурууга кезекке тургандардан тыгындар жаралууда. Май куюучу жайларда газды болгону 500 сомго куюп жатышат. Бул бир күнгө да жетпейт. Баасын айта турган болсок, бир-эки күн мурун литри 36,9 сом болсо, бүгүнкү күндө 37,9 сомго чыкты. Жайында да ушундай болгон. Анда да баа көтөрүлөөрдүн алдында газдын тартыштыгы болгон», — дейт айдоочулардын бири.

Нефтетрейдерлер ассоциациясы муну Орусияда газды чет өлкөгө жөнөтүүгө темир жол цистерналарынын жетишсиздиги менен байланыштырууда. Ошондой эле, алардын айтымында, тартыштык Бишкек шаарында гана байкалган:

«Акыркы жылдары Бишкекте газ менен жүрүүчү унаалар көбөйдү. Шаарда суроо-талап көбөйдү. Андан сырткары бааны атайылап көтөрбөйбүз. Бардыгы Орусиядагы мунай иштетүүчү заводдордун дүң баасына көз каранды”, — дейт Канатбек Эшатов.

Нефтетрейдерлер ассоциациясы энергетикалык ресурстардын көбү сырттан ташылып келгендиктен, күйүүчү майдын баасы ишкерлерден же мамлекеттен көз каранды эмес экенин белгилейт. Алардын айтымында, Кыргызстанга күйүүчү май Орусиядан келет.
Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстан дизель майын керектөөнүн 70% импорттойт. Бензин жана газ боюнча да абал ушундай. Бензиндин дээрлик 80%, газдын 93% импорттойбуз.

Жалал-Абадда газ, Таласта дизель арзан

Өлкө боюнча күйүүчү майдын баасы кымбаттап жатканына карабай, күйүүчү май салыштырмалуу арзаныраак болгон аймактар ​​бар. Мисалы, Таласта дизель майы орто эсеп менен 3-4 сомго арзан. Жалал-Абадда суюлтулган газдын килограммы Бишкекке караганда 17 сомго арзан, ал эми эң кымбаты Нарында – ал жакта бир килограмм газ 83,3 сомдон сатылууда.

Мындай абал Жалал-Абад облусу республика боюнча газ өндүргөн жалгыз облус болгондуктан келип чыгышы мүмкүн. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2023-жылы Кыргызстанда 27,4 миллион метр куб газ өндүрүлгөн болсо, анын баары Жалал-Абад облусунда өндүрүлгөн.

Жаңы жылда күйүүчү май дагы кымбаттайт

2025-жылдын 1-январынан тарта өкмөт Жол фондуна бензин менен дизель майынын ар бир литри үчүн 1 сомдон алат. Транспорт жана коммуникация министрлиги билдиргендей, бул акча эски жолдорду оңдоого жана жаңы жолдорду курууга жумшалат. Министрлик жылына бюджеттен бөлүнгөн 2 миллиард сом жолдорду тейлөөгө жетпей турганын айтууда. Эсептөөлөр боюнча, Жол фондуна жыл сайын жети миллиард сомго жакын каражат түшөт.

Парламент спикери бул каражат өлкөдөгү бардык жолдорду, анын ичинде жайлоого баруучу жолдорду оңдоого жумшаларын убада кылууда:

“Президент менен сүйлөштүм[…] 2027-жылдан баштап Жол фондуна түшкөн каражатка бардык айылдарга жана жайыттарга баруучу жолдор асфальтталат. Бюджеттен акча бөлүнбөйт, бардык иштер Жол фондунун акчасы менен аткарылат. Бул абдан маанилүү, зарыл мыйзам долбоору”, — дейт Нурланбек Шакиев.

Бирок депутат Дастан Бекешев бул мыйзам долбоору ансыз деле көптөгөн милдеттери бар айдоочулардын мойнуна түшөт деп эсептейт. Ал эгерде өкмөт бул төлөмдү киргизгиси келсе, анда транспорт салыгын алып салуу керек экендигини айтууда:

«Биз бул мыйзам долбоорун колдобошубуз керек. Бул салыктын дагы бир түрү. Айдоочулар ансыз деле камсыздандыруу, акциз, мүлк салыгын төлөшөт. Бул төртүнчү салык болот. Бул туура эмес. Эгер бул төлөмдү киргизсек, анда мүлк салыгын жоюш керек. Ошондо адилеттүү болот, ким көп жүрсө, ошол көбүрөөк төлөйт», — деди Бекешев.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канатбек Эшатов да күйүүчү майдын ар бир литринен бир сомдон чогултуу баанын түзүлүшүнө түздөн-түз таасирин тийгизерин айтууда. Ал ошондой эле, күйүүчү майдын кымбатташы автоматтык түрдө экономиканын бардык тармактары үчүн баанын көтөрүлүшүнө алып келерин белгиледи.


Автор: «ПолитКлиника»

Иллюстрация: Жасалма интеллект

«Бул макала Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Басылманын мазмуну үчүн макаланын авторлору жооптуу жана ал USAID же Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес.»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты