Дастан Бекешев УКМКда сурак берип жатат

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгында сурак берип жатат. Бул тууралуу депутат өзүнүн социалдык тармактагы баракчаларына жазды.

Бекешев билдирүүсүндө «УКМК ага каршы кылмыш ишин ачканы жатканын, бирок анын үстүнөн бир да арыз даттануу түшпөгөнүн» билдирген.

Адвокат Нурбек Токтакунов «Фейсбуктагы» баракчасында Дастан Бекешевди колдоо үчүн Атайын кызматтын Бишкек шаардык башкармалыгына келгенин, бирок аны киргизбей жатышканын жазды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет депутат кайсы иш боюнча, эмнеге суракка алынып жатканы тууралуу маалымат бере элек.

Дастан Бекешев Бишкектеги №28 Октябрь райондук округунан парламенттик шайлоого талапкерлигин койгон.

Ал 5-ноябрда Аскер прокуратурасына суракка чакырылып күбө катары тергөөчүнүн суроолоруна жооп берип чыккан. Бирок купуялуулукту сактоо боюнча кол коюп бергендиктен, сурактын чоо-жайын ачыкка чыгарган эмес.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты