Кыргызстанда COVID-19га каршы кайрадан эмдөө декабрда башталат

  • 2 года мурун

Кыргызстанда декабрдан тартып коронавируска каршы ревакцинация башталат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Ала-Тоо 24» телеканалында түз эфир учурунда суроолорго жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөгө алып келинген вакциналардын эффекти жарым жылдан бир жылга чейин деп белгиленген.

«Жазында вакцина алган жарандар антителого тест тапшырышы керек. Эгер көрсөткүч үчтөн кем болсо, анда ревакцинациядан өтүү керек. Декабрдан тарта антителосу төмөнкү деңгээлде болгондорго кайрадан эмдөөдөн өтүүнү сунуштайбыз».

Министр калкты кайрадан эмдөөдөн өткөрүү үчүн вакцина жетиштүү экенин кошумчалады.

Расмий маалыматтар боюнча, апрель айынан бери вакцинанын биринчи дозасын 1 038 427, эки дозасын тең 817 530 киши алды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты