Кыргызстанда 15 жаштан ашкан өспүрүмдөрдү COVID-19га каршы эмдөө башталат

  • 2 года мурун

Кыргызстанда 15-18 жаштагы өспүрүмдөрдү COVID-19 инфекциясына каршы эмдөө башталат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Ала-Тоо 24» телеканалында түз эфир учурунда билдирди.

Анын айтымында, Коронавируска каршы республикалык штаб бул маселени декабрь айында чечет.

Министр өспүрүмдөр өз эрки менен эмделерин белгиледи.

«Чет өлкөгө чыгуу үчүн өз эрки менен вакцина алууну каалаган өспүрүмдөрдү эмдей баштадык».

Белгилей кетсек, буга чейин министр Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда коронавируска каршы кайрадан эмдөө декабрь айында башталарын айткан.


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты