Эркин Салымбеков УКМКнын депозиттик эсебине 100 млн сом которуп, тергөө абагынан чыкты

  • 3 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ЕАЭБ өлкөлөрүнө ата-мекендик айыл чарба азыктарын ташуудагы коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү улантууда. Анын алкагында, келтирилген зыянды толтуруу максатында кылмышка шектүү катары кармалгандардын бири Эркин Салымбеков УКМКнын депозиттик эсебине 100 миллион сом которду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Келтирген зыян төлөнгөндөн кийин Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Салымбековдун бөгөт чарасын өзгөртүп, эч жакка кетпөө тил каты менен убактылуу тергөө абагынан чыгарды.

Мекеме тараткан маалыматка ылайык, келтирилген зыяндын толук көлөмү текшерүүнүн жыйынтыгы менен белгиленет.

Белгилей кетсек, буга чейин УКМК Айыл чарба министрлигинин айрым кызмат адамдары жеке бизнес өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, ЕАЭБ өлкөлөрүнө азыктарды экспорттоого уруксат кагаздарын каттоо үчүн экспорттоочулардан мажбурлоо жолу менен акча чогултуп, мыйзамсыз киреше алуу боюнча туруктуу канал уюштурушканын аныктаган. Буга байланыштуу министрликтин орун басарларынын жана өз алдынча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин деңгээлиндеги кызмат адамдары, ишкер Эркин Салымбеков кармалган.

Эркин Салымбеков — бир катар компаниялардын негиздөөчүлөрүнүн бири. DORDOI MOTORS жоопкерчилиги чектелген ишкананын директору.

УКМК бул кылмыш иши боюнча мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана ушул ишке тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча ишин улантууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты