Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолукту

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда, Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин саммитинин (ТМКК) алкагында Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери талкууланды.

«Мамлекет башчысы Кыргызстан Азербайжан менен мындан ары соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана саясий чөйрөлөрдө кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле ал эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бул эки тараптуу сооданын көлөмүн көбөйтүүгө, өз ара соода жүгүртүүнүн өсүшү үчүн эң жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт», — деп айтылат маалыматта.

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев өз кезегинде ТМККнын бүгүнкү Саммити бүткүл түрк дүйнөсү, анын ичинде Кыргызстан менен Азербайжан үчүн тарыхый мааниге ээ экендигин билдирип, бул эки мамлекеттин мамилелери жана саясий, экономикалык жана гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара кызматташтыктын кеңири багыттары тууралуу сүйлөшүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк экенин айткан.

Президент Садыр Жапаров кечээ, 11-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарына Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин саммитине катышуу үчүн учуп кеткен. Мамлекет башчысынын саммит аянтчасында Түркия, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Венгриянын лидерлери менен жолугушары күтүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты