ИИМ Жаныш Бакиевдин сүрөтүн илгени үчүн элден кечирим сурады

  • 2 года мурун

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын мурдагы жетекчилеринин сүрөтү илинген тактадан Жаныш Бакиевдин сүрөтү алынып салынды жана ведомство бул үчүн элден кечирим сурады. Бул тууралуу «Кабар» мамлекеттик агенттиги ИИМдин басма сөз кызматына таянып жазды.

Мекеме Жаныш Бакиевдин портретинин тактада илинишин «калпыстык» деп атады.

«[Тактада] Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын мурдагы жетекчилеринин сүрөттөрү илинген, Жаныш Бакиев дагы тизмеде бар болчу. Бул жерде кандайдыр бир ниет болгон эмес. Бирок калпыстыкты жоюп, портретти дубалдан алып салдык», — деп айтылат министерликтин билдирүүсүндө.

ИИМ Жаныш Бакиевдин сүрөтүн илгени үчүн элден кечирим сурады

Белгилей кетсек, 10-ноябрда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында мурдагы жетекчилердин сүрөтү илинген тактаны ачуу аземи болуп өткөн. Иш-чарага ИИМдин башчысынын орун басары Нурбек Абдиев жана аталган кызматтын мурдагы айрым жетекчилери катышкан. Милиция тараткан сүрөттө жетекчилердин тактасында аталган кызматты 2000-2001-жылдары жетектеген Жаныш Бакиевдин сүрөтү дагы илинген.

ИИМ Жаныш Бакиевдин сүрөтүн илгени үчүн элден кечирим сурады

Жаныш Бакиев – 2010-жылы бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси. Агасы бийликте турганда Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеген.

Жаныш Бакиевге 2013-жылы сыртынан өмүр бою кесилген. Ал 2005-жылдын 24-мартында талап-тоноо уюштурган, Улуттук банктын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынан 22 млн. долларды уурдаган деген айып тагылган. Мурдагы президенттик администрациянын жетекчиси Медет Садыркулов жана башка адамдарды өлтүргөн деп айыпталган.

Жаныш Бакиев 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин өлкөдөн качып кеткен. Сот аны, Курманбек Бакиевдин кенже уулу Максим Бакиевди, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөновду сыртынан өмүр бою кескен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты