Адам өлтүрүүгө шектелип издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жаран Кыргызстанда кармалды

  • 3 года мурун

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөнү үчүн Өзбекстандын 1983-жылы туулган Х. С. аттуу жаранын кармады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Х. С. миграция жөнүндө мыйзамды бузуу менен 2016-жылдан бери Кыргызстандын аймагында жүргөн. Тергөөнүн жүрүшүндө анын киши өлтүрүүгө шектелип, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөнү белгилүү болду.

Шектүү Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда анын башка кылмыштарга тиешеси бардыгын тактоо боюнча кошумча иш-чаралар жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты