УКМК Тажикстанда кармалган кыргыз жараны боюнча билдирүү таратты

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы Тажикстандын атайын кызматы кармап кетти делген 24 жаштагы кыргыз жараны Айдар Хайдаров боюнча маалымат таратты.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Хайдаров 2021-жылдын 21-октябрь күнү Тажикстандын атайын кызматы тарабынан Лейлек районунун Сада аймагында кармалган.

“Алдын ала маалымат боюнча Хайдаров мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өткөн деп айыпталып жатат. Ал атасы жашаган Тажикстандын Пахтакор аймагында кармалган”, — деп айтылат маалыматта.

Атайын кызмат кыргызстандыкты мекенине кайтаруу боюнча эки өлкөнүн чек ара кызматы жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эки жолу сүйлөшүү жүргүзүшкөнүн маалымдады. УКМК кармалган жаранды алып келүү үчүн бардык аракет көрүлүп жатканын белгилейт.

Айдар Хайдаровдун атасы Умарбай Хайдаров бийликке кайрылып, баласын алып келүүгө жардам сурап келет. Учурда Тажикстандын күч кызматтары кармалган кыргызстандык боюнча маалымат бере элек.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты