ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков кызматынан бошотулду
- 3 года мурун
Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Кожобеков президенттин 2021-жылдын 1-ноябрындагы №512 «2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын аткарбаганы үчүн кызматынан бошотулду.
Аталган чечим Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 6-ноябрындагы №1125 чечиминин негизинде кабыл алынган.
Муну бөлүшүү