БШК «Клооп Медиага» шайлоого байкоо салууга уруксат берген жок

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Клооп Медиа» коомдук фондуна 28-ноябрда өтө турчу парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүүгө уруксат берген жок. Боршайком мындай чечимди 5-ноябрдагы жыйынында кабыл алып, бирок «Клооп Медиага» 8-ноябрда кабарлаган.

БШК өз чечимин Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамга таянуу менен чыгарганын билдирүүдө.

Анда шайлоонун жүрүшүн байкоого уставында бул тууралуу көрсөтүлгөн уюмдар гана укук алары айтылган.

«Клооп Медиа» коомдук фонду шайлоонун алдында 1500дей байкоочуну окутуп, добуш берүү күнү шайлоо тилкелерине жайгаштырып келген. Алар добуш берүүнүн жүрүшүнө көз салып, кетирилген кемчилик, бурмалоо, мыйзам бузууларды катташчу. Добуш берүү аяктаган соң, башка байкоочулар менен тең укукта добуштардын саналышына жана протоколдордун түзүлүшүнө көз салып келген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты