Аалы Карашев алдыдагы парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты

  • 2 года мурун

№12 Өзгөн шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Аалы Карашев шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу АКИpress агенттиги БШКнын Өзгөн жана Куршаб шайлоо округдары боюнча атайын өкүлү Нурмамат Сулаймановдун маалыматына таянып жазды.

Сулаймановдун айтымында, 8-ноябрда БШКга талапкер Аалы Карашевден шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыз түшкөн.

Өзгөн шайлоо округунан жалпы 4 талапкер шайлоого катышуу үчүн арыз берген. Алардын ичинен Бакыт Бердалиевдин шайлоого катышуудан баш тартканы белгилүү болгон.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген. Бул жолу шайлоо адаттагыдан айырмаланып аралаш система боюнча өтөт.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты