Жапаров: Кыргызстан 2030-жылга чейин абага чыккан зыяндуу газдарды 44%га кыскартат

  • 2 года мурун

2-ноябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Глазго шаарында өтүп жаткан дүйнө лидерлеринин климаттын өзгөрүүсү боюнча саммитинде кайрылуу жасады.

Ал кайрылуусунда Кыргызстан акыркы жылдары климаттын өзгөрүүсүнүн терс кесепеттерин сезе баштаганын белгилеп, климаттын өзгөрүүсүн басаңдатуу боюнча глобалдык өнөктүккө катышууну улантарын билдирди.

«Кыргызстан 2030-жылга чейин парник газдарынын эмиссиясын 44%га пайызга кыскартуу максатын коюп жатат. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк эмиссиянын түзүмүндө биздин өлкөнүн үлүшү анча чоң эмес, болжол менен 0,03%ды түзөт. Биздин эсептөөлөргө караганда, климаттын өзгөрүүсүн токтотууга багытталган орто мөөнөттүү шашылыш чараларды ишке ашыруу үчүн 7 млдр. АКШ доллары талап кылынат», — деди ал.

Жапаров мындан тышкары 2050-жылга чейин Кыргызстан өнүгүүнүн жашыл платформасына көмүртексиз жетишүүгө аракет кыларын белгилеп, ал үчүн гидроэнергетика маанилүү экендигин айтты.

Прогрессивдүү технологиялар, инновациялар жана ноу-хау болбосо, Кыргызстан үчүн пландаштырылган мөөнөттө „жашыл“ экономикалык өсүшкө жана көмүртексиз жашоого жетүү кыйын болорун айткан Жапаров бул багытта эл аралык көп тараптуу банктарды, климаттык фонддорду жана корпорацияларды кызматташууга чакырды.

Ушул тапта Шотландиянын Глазго шаарында дүйнө лидерлеринин климаттын өзгөрүшүнө арналган саммити өтүп жатат. Ага 120дан ашуун мамлекеттин башчылары жана жогорку жетекчилери катышууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты