Жеңиш Молдокматов жакындарынын телефон сүйлөшүүлөрү тыңшалып жатканын билдирди

  • 3 года мурун

Бүгүн, 2-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту 2020-жылдын октябрындагы массалык башаламандык боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнү улантууда.

Отурум башталардан мурун айыпталуучу, «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов камерасында тинтүү жүргөнүн жана укук коргоо органдары жакындарынын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшап жатканын билдирди.

«Төрт күн мурун мен отурган камерада тинтүү жүргүзүп, эч нерсе табышкан жок. Андан кийин жубайымдын жана 11 жаштагы кызымдын телефондору тыңшалып жатканы белгилүү болду. Текшерген учурда менин атымдан кимдир бирөө кызыма билдирүү жазганы аныкталды. Макул, мени камашсын, кыйнашсын, бирок кызымдын эмне күнөөсү бар? Анын телефонун эмнеге тыңшап жатышат? Бул саясий куугундук болбогондо эмне?», — деп нааразычылыгын билдирди Молдокматов.

Жеңиш Молдокматов 2021-жылдын 6-майында Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулуштарды басып алуу») боюнча кылмышка шектелип кармалган.

Кийин ага Кылмыш-жаза кодексинин 355-беренеси («Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук»), 309-беренеси («Бийликти күч менен басып алуу») жана 257-беренеси («Атуучу куралды уурдоо же опузалап алуу») боюнча дагы айып тагылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты