Садыр Жапаров королдук үй-бүлөнүн атынан уюштурулган салтанатка катышты (сүрөт)
- 3 года мурун
Кечээ, 1-ноябрда Шотландиянын Глазго шаарында дүйнө лидерлеринин климаттын өзгөрүшүнө арналган саммитинин алкагында Улуу Британия жана Түндүк Ирландия королдук үй-бүлөсүнүн атынан уюштурулган салтанаттуу кабыл алуу болду. Иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров катышты.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Падыша үй-бүлөсүнүн атынан меймандарды Ханзаада Чарльз кабыл алды.
Кечеге бир катар өлкөнүн лидерлери жана делегация башчылары катышты.
![Садыр Жапаров королдук үй-бүлөнүн атынан уюштурулган салтанатка катышты (сүрөт)](https://pk.kg/wp-content/uploads/2021/11/115311.jpg)
![Садыр Жапаров королдук үй-бүлөнүн атынан уюштурулган салтанатка катышты (сүрөт)](https://pk.kg/wp-content/uploads/2021/11/115314.jpg)
![Садыр Жапаров королдук үй-бүлөнүн атынан уюштурулган салтанатка катышты (сүрөт)](https://pk.kg/wp-content/uploads/2021/11/115313.jpg)
![Садыр Жапаров королдук үй-бүлөнүн атынан уюштурулган салтанатка катышты (сүрөт)](https://pk.kg/wp-content/uploads/2021/11/115316.jpg)
Муну бөлүшүү