Садыр Жапаров Түркиянын президенти Эрдоган менен жолугушууну пландоодо

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров ноябрь айында Стамбул шаарында өтө турчу Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 8-саммитине катышат. Сапардын алкагында ал Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушууну пландоодо. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы бүгүн, 29-октябрда Түркиянын Палаталар жана биржалар бирлигинин (TOВВ) президенти Мустафа Рыфат Хисаржыклыоглуну кабыл алды. Жолугушууда соода-экономикалык кызматташтыктын жана маанилүү долбоорлорду ишке ашыруунун актуалдуу маселелери талкууланганы айтылат.

Баарлашуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров кесиптеши Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушууну пландап жатканын билдирген.

Буга чейин эки мамлекеттин башчыларынын расмий жолугушуусу 2021-жылдын июнунда Анкарада өткөн. Жолугушууда соода экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси талкууланган.

Жапаров президенттик кызматка киришкенден бери Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия жана Түркмөнстан мамлекеттерине иш сапары менен барып келди. 23-октябрда өткөн маалымат жыйынында эпидемиологиялык кырдаал турукташары менен Кытайга барууну пландап жатканын айткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты