Бишкектеги жол кырсыгынан жабыркагандардын саны 21ге жетти

  • 2 года мурун

Бишкекте №8 автобус учураган жол кырсыктан жабыркагандардын саны 21ге жетти. Алардын ичинен тогузу жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, №4 шаардык ооруканага 12 жабырлануучу жеткирилип, алардын төртөө травматология бөлүмүнө жаткырылган. Учурда бейтаптардын абалы канааттандырарлык. Дагы эки бейтап оор абалда реанимацияда жатат. Калган бейтаптар үйдө дарыланууга жөнөтүлдү.

Ал эми Шаардык балдар ооруканасына түшкөн 9 бала амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Эске сала кетсек, бүгүн, 29-октябрда Чыңгыз Айтматов проспектисинде жүргүнчү ташып бара жаткан автобустун айдоочусу рулду башкара албай, бакты сүзүп алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты