АӨБ Кыргызстанга вакцина сатып алуу үчүн 25 млн доллар бөлүп берет

  • 2 года мурун

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Кыргыз өкмөтүнө вакцина сатып алууга жана калкты COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөрүүгө көмөктөшүү үчүн 25 млн. долларлык долбоорду бекитти. Бул тууралуу банктын расмий сайтында айтылат.

Бул каражаттын жарымы насыя, жарымы грант түрүндө берилет. Каражат COVID-19га каршы эмдөөнү жайылтуу боюнча иштелип чыккан Улуттук планды колдоого жумшалып, 1,7 миллион доза вакцина, ошондой эле эмдөө үчүн шприц жана шприцти утилизациялоочу коргоочу контейнерлер сатылып алынат.

«АӨБдүн COVID-19га каршы эмдөөнү колдоо боюнча долбоору калктын 12 пайызын же 760 миң кишини эмдөөгө жардам берет», — деп айтылат билдирүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты