Акыйкатчы институту Равшан Жээнбеков боюнча сотко кат жолдоду

  • 2 года мурун

Акыйкатчы институту абактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кат жолдоду. Бул тууралуу инситуттун басма сөз кызматы билдирди.

Судья А. Медеровдун атына жазылган катта, 28-октябрда акыйкатчы аппаратынын өкүлдөрү СИЗО-1де камакта отурган ЖКнын мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков менен жолугушканы айтылат. Баарлашуунун жүрүшүндө саясатчы сотко баш коргоо чарасын өзгөртүп, дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгууга уруксат берүү өтүнүчүн жибергенин айткан.

«Жээнбековдун айтымында, ага II жана III даражадагы боордун фиброзу диагнозу коюлган. Бул дарт өнүгүп, боордук циррозуна алып келиши мүмкүн. Мындан тышкары ал гепатит В өнөкөт оорусу менен жабыркайт. Ошондуктан азыркы тапта ал уролог, диетолог, невролог, гепатологдун кошумча текшерүүсүнө муктаж», — деп жазылган билдирүүдө.

Акыйкатчы институту катында Жээнбековдун арызын кароодо жогоруда аталган жагдайларды эске алууну соттон өтүнгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты