Бишкекте «Макулатура тапшыр — көчөт ал» экологиялык акциясы өтөт

  • 2 года мурун

Эртең, 30-октябрда Бишкектеги «Ынтымак» жана Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил бактарында «Макулатура тапшыр — көчөт ал» — «Бир жарандан — Бир көчөт» аттуу экологиялык акция өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мэриядан билдиришкендей, акциянын алкагында «Ынтымак» жана Ч. Түлөбердиев сейил бактарына 500дөн ашык көчөт отургузуу пландалууда. Ошондой эле сейил бактарда макулатура жана пластмассаларды кабыл алуу пункттары уюштурулат. 3 кг макулатура жана 5 даана желим бөтөлкө тапшырган жарандар көчөт отургузуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Акция Айыл чарба министрлиги менен “Шаардык сейил бактар” муниципалдык ишканасы тарабынан уюштурулууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты