Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги теректер муктаж үй-бүлөлөргө отун катары берилет

  • 2 года мурун

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин боюндагы теректер муктаж жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, каалоочулар ушул жылдын 25-декабрына чейин кышкы отун алуу үчүн райондук администрацияларга арыз менен кайрылса болот.

Ошондой эле «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасы муктаж болгон шаар тургундарына жардам катары отун бөлөрү айтылды.

«Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын социалдык өнүктүрүү департаментинин каттоосунда турган 163 аз камсыз болгон үй-бүлө жылуулук үчүн отун алышкан»,- деп билдиришти мэриядан.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты