Кыргызстанга учак аркылуу «өздүк буюм» катары алынып келинген 400 килограммдык дары-дармек табылды

  • 2 года мурун

Мамлекеттик бажы кызматынын жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Кыргызстанга учак аркылуу мыйзамсыз ташылып келген дары-дармектердин партиясын аныктады. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аба майданына келип түшкөн жүк «Аэрофлот» авиакомпаниясынын каттамы аркылуу М. Т. Б.га таандык 298 кг салмактагы «өздүк буюм» катары келген. «Манас» бажысынын жана УКМКнын кызматкерлери жогорудагы жүктү ташып бара жаткан Hyundai Porter унаасын токтотуп, текшерген учурда 400 кг салмактагы дары-дармек экендиги аныкталган.

Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин маалыматтарды эсепке алуу журналына катталды. Ал эми материалдар тергөөгө жөнөтүлдү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты