Чүйдө “Портердин” айдоочусу жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп кетти
- 1 year мурун
Чүй облусунун Люксембург айылында жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облусттук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-октябрь саат 20:30дар чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунда Hyundai Porter унаасынын айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүзүп, өзү кырсык болгон жерден качып кеткен.
58 жаштагы жабырлануучу алган жараатынан улам ошол жерден көз жумган.
25-октябрда милиция кызматкерлери “Акылдуу шаар” камераларынын жардамы менен кылмышка шектүү Кант шаарынын 58 жаштагы тургуну Р. С. экенин аныкташкан.
Шектүү Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди. Унаасы айып короо жайына токтолду.
Муну бөлүшүү