БШК бир мандаттуу округдан 18 талапкерди каттоодон баш тартты

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого бир мандаттуу округдан катталган 36 талапкердин арызын карады. Алардын ичинен 18 талапкерди каттоодон баш тартты.

  • Кенжебек Жаналиев — №22 Жайыл шайлоо округунан талапкер катары көрсөтүлгөн. Жогорку билими жөнүндө диплому болбогондуктан каттоодон өткөн жок.
  • Анара Исиралиева — №25 Аламүдүн шайлоо округунан талапкер катары көрсөтүлгөн. Шайлоо күрөөсүн төккөн эмес.
  • Шаршеналы Касенов — №30 Ысык-Ата шайлоо округунан талапкер катары көрсөтүлгөн. Шайлоо күрөөсүн төккөн эмес.
  • Азамат Койчубаев — №19 Токтогул шайлоо округунан талапкер катары көрсөтүлгөн. Шайлоо күрөсүн төккөн эмес.
  • Рустамжон Юсупов — №1 Лейлек шайлоо округунан талапкер катары көрсөтүлгөн. Шайлоо күрөсүн төккөндүгү жөнүндө документтери жок.
  • Ильязбек Якубов — №3 Кадамжай шайлоо округунан талапкер катары көрсөтүлгөн. Шайлоо күрөөсүн төккөн эмес.
  • Үсөн Камбарбек уулу — №7 Ош шайлоо округунан талапкер катары көрсөтүлгөн. Шайлоо күрөөсүн төккөн эмес.
  • Төлөнбай Калбаев — №7 Ош шайлоо округунан талапкер катары көрсөтүлгөн. Шайлоо күрөөсүн төккөн эмес.
  • Максатбек Жорокулов — №7 Ош шайлоо округунан талапкер катары көрсөтүлгөн. Шайлоо күрөөсүн төккөн эмес.
  • Муртазлы Козубаев — №9 Кара-Суу шайлоо округунан талапкер катары көрсөтүлгөн. Шайлоо күрөөсүн төккөн эмес.
  • Маматурайым Кадырбердиев — №11 Алай шайлоо округунан талапкер катары көрсөтүлгөн. Шайлоо күрөөсүн төккөн эмес.
  • Уланбек Коңурбаев — №29 Свердлов шайлоо округунан талапкер катары көрсөтүлгөн. Шайлоо күрөөсүн төккөн эмес.
  • Гузель Камиль кызы — №29 Свердлов шайлоо округунан талапкер катары көрсөтүлгөн. Шайлоо күрөөсүн төккөн эмес.
  • Сазыкбай Турдумалиев — №21 Талас шайлоо округунан талапкер катары көрсөтүлгөн. Шайлоо күрөөсүн төккөн эмес.
  • Бекмамат Алымбеков — %29 Свердлов шайлоо округунан талапкер катары көрсөтүлгөн. Шайлоо күрөөсүн төккөн эмес.
  • Талантбек Чынтемиров — №29 Свердлов шайлоо округунан талапкер катары көрсөтүлгөн. Шайлоо күрөөсүн төккөн эмес.
  • Абдыш Токторов — №27 Биринчи май шайлоо округунан талапкер катары көрсөтүлгөн. Шайлоо күрөөсүн төккөн эмес.
  • Жеенбек Искендеров — №26 Ленин шайлоо округунан талапкер катары көрсөтүлгөн. Шайлоо күрөөсүн төккөн эмес.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты