Шайлоо-2021: Добуш сатып алуу боюнча түшкөн алгачкы фактылар иликтене баштады

  • 2 года мурун

№3 Кадамжай шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Нурали Талиповдун атынан окуучуларга мектеп формасын таратуу фактысы кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүү координациялык тобунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жогорудагы фактынын негизинде Жазык кодексинин «Шайлоочуларды сатып алуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Мындан тышкары учурда №33 Нарын шайлоо округунан талапкер Улан Бакасовдун атынан жолго шагыл төгүү фактысы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

БШКга бир мандаттуу округдан шайлого катышуу үчүн жалпы 381 талапкерден арыз түшкөн. Алардын 335и тиешелүү документтерди тапшырган. Учурда 110 талапкер каттоодон өттү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты