385 миң долларлык жүктү тартып алышкан. Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү кармалды

  • 11 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) криминалдык лидер Камчыбек Асанбектин (Камчы Көлбаевдин) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттери токтотулду.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.  

Алар көп жылдар бою Кытайдан экспорттолгон эл керектөөчү товарларды тартып алуу менен алектенип келишкен. Кыргыз Республикасынын ишкерлеринен жана жарандарынан, кийин алар тарабынан Кыргыз Республикасынын жана КМШ мамлекеттеринин аймагында туруктуу кылмыштуу схеманы уюштурган. Өзгөчө ири өлчөмдө кылмыш-жаза кодексинин 23-майда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү – “Алтуха” деген каймана аты менен белгилүү А.И., А.К., “Протез” каймана аты бар А.Ш. жана “Кения” каймана аты бар К.Т. кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жаайына камалды.

Жогоруда аталган кишилер алдамчылык жолу менен жеке менчик транспорттук-логистикалык компаниядан жалпы суммасы болжол менен 385 миң АКШ долларын түзгөн эл керектөөчү товарларды алып жүргөн жүктү мыйзамсыз түрдө тартып алышканы аныкталган.

УКМК тарабынан бул кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты