№36 Ысык-Кѳл шайлоо округу: ЖК депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлер катталууда

  • 3 месяца мурун

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 2024-жылдын 30- июнунда ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого №36 Ысык-Кѳл шайлоо округу боюнча талапкерлер арыз берүүдө.

Бул тууралуу БШК билдирди.

10-майга карата Ысык-Кѳл шайлоо округу боюнча төмөнкү талапкерлер арыз берди:

  1. Мазымканов Атабек, МП «Иштерман», механик;

2. Момбеков Бактыбек, убактылуу иштебейт;

3. Мукамбетов Жакшылык, “Климат КГ” ЖЧК башкы директору;

4. Иманалиев Данир, Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик райондук администрациясынын башчысы – акими болуп иштеген.

№36 Ысык-Кѳл шайлоо округу: ЖК депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлер катталууда
№36 Ысык-Кѳл шайлоо округу: ЖК депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлер катталууда
№36 Ысык-Кѳл шайлоо округу: ЖК депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлер катталууда

№36 Ысык-Кѳл шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2024-жылдын 30-майында аяктайт.

Президенттин 2024-жылдын 30-апрелиндеги жарлыгына ылайык, Ноокат №5 жана Ысык-Кѳл №36 шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңеш депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024 –жылдын 30-июнуна дайындалды.

Башкы сүрөттө: Талапкер Иманалиев Данир. БШК

Сүрөттөр: БШК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты