Конституция күнүнө карата ачык асман алдында концерт уюштурулат

  • 1 год мурун

Бүгүн, 5-майда, Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө карата Бишкек шаарында ачык асман алдында концерт өтөт.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Иш-чара 5-майда саат 18:30да борбордук Ала-Тоо аянтында өткөрүлөт. ечеде классикалык музыка жаңырып, көрүүчүлөргө Бишкек шаарынын мэриясынын Чоң симфониялык оркестри өз өнөрүн тартуулайт.

Эгемен Кыргызстандын Конституциясын 1993-жылы 5-майда легендарлуу парламент кабыл алган. Андан бери бир канча жолу өзгөртүлүп, соңку референдум 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн.

Ага жалпы шайлоочулардын 36,66% катышкан. Анын 79 пайыздан ашыгы Баш мыйзамдын жаңы долбоорун колдоп, Кыргызстанда президенттик башкаруунун болушун жактады.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты