№ 3 округда айрым жараксыз деп табылган бюллетендерди кол менен кайра эсептөө арызы канааттандырылган жок
- 1 месяц мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жумушчу топтун сунушун эске алып, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 3 көп мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акылбек Шамаевдин БШКдагы өкүлү Э.Абдырахмановдун арызын канааттандыруудан баш тартты.
Бул тууралуу БШК билдирди.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 5-декабрда, № 3 көп мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акылбек Шамаевдин өкүлүнүн арызын карады.
БШКга талапкер Шамаевдин БШКдагы өкүлү Э.Абдырахмановдон № 3 шайлоо округу боюнча № 5366, № 5367, № 5368, № 5414, № 5416, № 5420 участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан жараксыз деп табылган шайлоо бюлеттендерин кайрадан кол менен эсептѳѳ жүргүзүү жѳнүндѳ арыз келип түшкѳн.
Арыз ээси жогоруда аталган участоктордо добуштар автоматтык урналардан алынгандан кийин кол менен эсептелген эмес, бюллетендердеги белгилер жарыяланбаган, байкоочуларга жараксыз бюллетендер жана протокол көчүрмөлөрү көрсөтүлгөн эмес жана бул фактылар шайлоо мыйзамдарын одоно бузганын көрсөтөт деп белгилеген.
Ал эми № 3 шайлоо округдук комиссиясы 2-декабрда жогоруда аталган шайлоо участокторунда шайлоо бүткөндөн кийин автоматтык урналардагы бюллетендерди кол менен эсептөө мыйзамдын талапатарына ылайык жүргүзүлгөнүн белгилеп, кайра эсептөө өтүнүчү негизсиз деп көрсөткөн.
БШКнын жумушчу тобу да № 3 шайлоо округундагы № 5366, № 5367, № 5368,
№ 5414, № 5416, № 5420 шайлоо участокторунда мыйзамды бузуунун белгилери аныкталбагандыгына байланыштуу Э.Абдырахмановдун арызын канааттандыруудан баш тартууну сунуштаган.
БШК № 3 көп мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акылбек Шамаевдин БШКдагы өкүлү Э.Абдырахмановдун арызын канааттандыруудан баш тартты.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




