29-ноябрь: Аба ырайы күндүзү жылуу болуп, түнкүсүн жаан жаайт

  • 2 недели мурун

«Кыргызгидрометтин» маалыматы боюнча бүгүн, 29-ноябрда Кыргызстанда аба ырайы күндүзү ачык жана жылуу болуп, жаан чачын тоо этектеринде жана айрым өрөөндөрдө гана күтүлөт. Ал эми түнкүсүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу аймактарда жана тоо этектеринде карга айланат.

Чүй облусунда — түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;

Талас облусунда — түнкүсүн  0…5, күндүз 12…17;

Баткен облусунда — түнкүсүн 2…4, күндүз 15…17;

Ош облусунда — түнкүсүн 3…5, күндүз 17…19;

Жалал-Абад облусунда — түнкүсүн 4…6, күндүз 18…20;

Ысык-Көл облусунда — түнкүсүн -3…+1, күндүз 7…10;

Нарын облусунда — түнкүсүн -6…-11, күндүз 2…4.

Бишкек шаарында бүгүн күн ачык болуп, абанын температурасы +15 градустан +17 градуска чейин жылуу болот. Ал эми түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, +3…+5 градус жылуу болот.

Эске салсак, эртең, 30-ноябрда күндүз жана 1-2-декабрда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты