№26 Ленин шайлоо округу: Талапкерлерди каттоо 8-майга чейин аяктайт

  • 1 год мурун

Бишкек шаарынын №26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округу боюнча талапкерлерди көрсөтүү 27-майга чейин уланат.

Талапкерлердин документтеринин  шайлоо мыйзамдарынын талаптарына шайкештиги текшерилгенден кийин, 8-майга чейин талапкерлерди каттоо аяктайт.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы менен Бишкек шаарынын мэриясынын №26 Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча шаардык штабдын жыйынында айтылды.

Ошол убактан тартып шайлоо өнөктүгүнүн жигердүү этабы – 27-май күнү эртең мененки саат 8.00гө чейин созула турган үгүт этабы башталат. 28-май – добуш берүү күнү.

Маалымтка караганда, шайлоочулардын тизмелери такталып, талапкерлер көрсөтүлүүдө. 2023-жылдын 11-апрелине карата алдын ала тизмеге ылайык, Ленин району боюнча шайлоочулардын саны 124 702 адам болду. Бул 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого салыштырмалуу 13 237 шайлоочуга көбөйгөн. Шайлоочу шайлоочулардын тизмесинде өзүн тактап, так эместиктер орун алган учурда арызын 17-майга чейин (кошуп алганда) бере алат.

16-апрелге карата 18 адам талапкер болуу арызын жазды.

Бишкек шаарынын № 26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты