Ооганстан: Кандагардагы шиитердин мечитинде жардыруу болуп, кеминде 30 адам мүрт кетти

  • 3 года мурун

Бүгүн, 15-октябрда Ооганстандын Кандагар шаарындагы шииттердин «Фатимия» мечитинде жума намазы окулуп жаткан учурда жардыруу болуп, кеминде 30 адам каза тапты. Бул тууралуу «Анадолу» агенттиги жазды.

Мечиттин күзөт кызматынын жетекчиси Муртуза Зарифанын маалыматына караганда, 200дөн ашык киши дума намазы үчүн чогулган мечитке эки жанкечти кирип келген.

«Талибан» кыймылынын басма сөз өкүлү Билал Карими жардыруудан жараат алгандар жана мерт болгондор көп экенин билдирип, иликтөө жүрүп жатканын айтты. Ал окуянын чоо-жайы тууралуу башка маалымат берген эмес.

Айрым маалымат каражаттары мечиттин жанында жанкечти өзүн жардырышы мүмкүндүгүн билдиришүүдө. Азырынча бул окуянын артында ким турганы белгисиз.

Кошумчалай кетсек, өткөн аптада Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз шаарында дагы шииттердин мечитине чабуул жасалып, ал үчүн»Ислам мамлекети» террордук тобу жоопкерчиликти мойнуна алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты