Кайрат Иманалиев КТРКнын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

  • 3 года мурун

Кайрат Иманалиев Коомдук телерадио берүү корпорациясынын (КТРК) башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Мындай чечим бүгүн, 15-октябрда КТРКнын Байкоочу кеңешинин отурумунда кабыл алынды. Бул тууралуу Байкоочу кеңештин мүчөсү Сыягүл Караман билдирди.

Корпорациянын мурдагы жетекчиси Бахтияр Алиев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.

Кайрат Иманалиев 2021-жылдын февралынан октябрына чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри кызматын аркалаган.

13-октябрда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен кызматтан алынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты