УКМК «фарммафия» иши боюнча мурдагы министрдин тууганын кармады

  • 3 года мурун

Мурдагы саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин тууганы коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта министрдин тууганы кызматтагы кишилерди сатып алып, фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын көздөгөнү айтылат.

«Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, мурунку Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин туугандарынын бири С. Ж. К. дары-дармек менен камсыздоо департаментинде дары-дармектерди каттоо жана кайра каттоону мыйзамсыз тездетүү максатында, министрликтин кызмат адамдарына пара берүү жолу менен фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыктарын колдогондугу жөнүндө далилдер алынды».

Биринчи май райондук соту С. Ж. К. аттуу жарандын баш коргоо чарасын карап, УКМКнын тергөө абагына тергөө бүткүчө киргизди.

Буга чейин УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев Кыргызстанда фармакологиялык мафия бар экендигин айткан. Анын айтымында, мафиянын аракетинен улам өлкөдө дарылар 3-10 эсе кымбат сатылат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты