​Жасалма акча жасоого шектүү кармалды

  • 3 года мурун

КР жазык кодексинин 225-беренесинин 2-бөлүгүнүн биринчи пункту (Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине катталган сотко чейинки өндүрштүн алкагында А.К. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

13-октябрда А.К.нын кеңсесин тинтүү учурунда ал өз ыктыяры менен номиналдык 100 доллар болгон 4600 АКШ доллар өлчөмүндөгү накталай акча каражаттарын берген.

Бул материалдар боюнча соттук-техникалык экспертиза дайындалды. Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бардык жагдайларды аныктоо жана күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча керектүү чаралар көрүлүүдө.

Сүрөт:УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты