Сокулук районунда чакан ГЭС ишке киргизилди

  • 3 года мурун

Бүгүн, 14-октябрда, Чүй облусунун Сокулук районундагы Сокулук ГЭС-2нин ишке киришине байланыштуу иш-чара өттү. Ага Президент Садыр Жапаров катышты.

Сокулук ГЭС-2 ишке кирсе Чүй облусуна электр энергиясын иштеп чыгуу көбөйөт, тармактардагы жоготуу азайып, керектөөчүлөрдү электроэнергия менен камсыздайт.

Президент энергетика тармагын өнүктүрүү жана бул тармакка инвестиция тартуу боюнча алдыга максат койгонун айтты.

Анын айтымында, ушул жылдын август айында Талас облусундагы «Бала-Саруу» чакан ГЭСинин курулушу башталды. Бул ГЭС жыл сайын 100 миллион кВт саатка жакын энергия өндүрүп, Талас облусунун электр энергияга болгон муктаждыгынын 20 пайызын камсыздайт.

Ысык-Көл облусундагы Орто-Токой суу сактагычында чакан ГЭСтин курулушун долбоорлоо жана буга байланыштуу иш-чаралар жүрүп жатат. Жалал-Абад облусунда Кара-Көл ГЭСин куруу иштери жакында башталат. Бул долбоорлор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизминин алкагында ишке ашырылат.

Үстүбүздөгү жылдын март айынан бери 20дан ашуун компания чакан ГЭСтерди курууга даяр экенин билдирип, тиешелүү күбөлүктөргө ээ болушту. Учурда республика боюнча жалпысы кубаттуулугу 54 мегаватт болгон жана жылына 200 миллион кВт сааттан ашык энергия өндүргөн 10 чакан ГЭС бар. Бирок бул генерациянын көлөмү электр энергиясынын 3 миллиард кВт саат тартыштыгын жабуу үчүн жетишсиздиги белгиленди.

Ал өлкөдө 200дөн ашуун створлор бар (чакан ГЭС салууга ыңгайлуу жер) жана чакан ГЭСтер 6-7 жылдын ичинде өзүн-өзү толук актай турганын кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү жана бардык кызыкдар болгон инвесторлорду Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүүгө инвестиция салууга чакырып, бул үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты